24.kg
13:50, 26 января 2024, 24.kg

Бишкекке 124 жаңы автобус келди

Бишкекке 124 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасына жаңы автобустарды расмий тапшыруу аземи өттү. Ага мэр Айбек Жунушалиев, ЕРӨБ директору Айтен Рустамова, финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года катышты.

«Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында узундугу 10,5 метр болгон 124 кысылган жаратылыш газы менен иштеген автобустар тапшырылды. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган», — деп айтылат маалыматта.

Photo 320029

Мекеме белгилегендей, «Бишкек автобустары» долбоору жаңы транспорт каражаттарын сатып алуу гана эмес, жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP) GPS-навигация менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18