24.kg
12:33, 26 января 2024, 24.kg

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү соцтармактагы билдирүүсү үчүн күнөөлүү деп табылды

Биринчи Май райондук соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Асановго карата өкүм чыгарды. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кубанычбек Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (расалык, этникалык, улуттук, диний же регион аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал бир жылга абакка кесилип, бирок тергөө абагында отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүттү деп эсептелди.

Ага карата белгиленген үй камагы бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Ал өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат.

Кубанычбек Асанов былтыр 10-майда Чүй облусунун Беловодск айылында кармалган. 11-майда соттун чечими менен камакка алынып, тергөө абагына киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18