24.kg
11:41, 26 января 2024, 24.kg

Социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

Баткен облусунда социалдык тармактар аркылуу диний-экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү социалдык тармакта Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмга таандык аудио материалдарды колдонгон.

Баткен облусунун 1997-жылы туулган тургунунун үйүн тинтүү учурунда 4 уюлдук телефон, 21 диск жана 14 китеп алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Диний-экстремисттик материалдар экспертизага жөнөтүлдү. Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18