16:42, 25 января 2024, 24.kg

«Бишкекжарык» ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери товардык-материалдык баалуулуктарды жок кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди

Маалыматка ылайык, аталган мекемеде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө 2022-жылдын октябрь айынан 2023-жылдын апрель айына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын тышкы жарык берүү тармагынын ишин камсыз кылуу максатында даяр буюмдарды жасоо жана ордуларына орнотууга багытталган 4 миллион 323 миң 450 сомдук товардык-материалдык баалуулуктар аталган мекеменин кампасынан жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18