14:37, 25 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда акыркы үч жылда 1,6 миң чакырым ирригациялык канал оңдолду

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 1,6 миң чакырымдан ашык ирригациялык каналдар оңдолуп, тазаланды. Бул тууралуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1 миң курулма оңдолуп, насостук станциялардагы 150 агрегат алмаштырылды. Ошондой эле көп жылдар бою биринчи жолу 1 километрге жакын басым түтүктөрү алмаштырылды.

«Бардык акимдерге, губернаторлорго жана айыл өкмөт башчыларына сугат тармактарын тазалоо тапшырмасы берилди. Быйылкы жылы калкты өзүнүн ирригациялык тармактарын тазалоого тартууну пландап жатабыз», — деди Алмазбек Сокеев.

Ал жакынкы жылдары 71 декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) куруу пландалып жатканын билдирди. Долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатат. Биринчи БДР быйыл курула баштайт деп күтүлүүдө.

«Жыл сайын кеминде төрт-беш БДР куруп, пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Курулуш үчүн бир-эки жыл керек. Каражат бюджеттен гана эмес, демөөрчүлөр тарабынан да бөлүнөт. Бүгүнкү күндө үч БДР Ислам банкынын жана Сауд фондунун эсебинен курулуп жатат. Быйыл биз насостук станциялардагы 10 чакырым басым түтүктөрүн алмаштырууну, 600 чакырым коллекторду тазалоону жана оңдоону пландап жатабыз», — деп жыйынтыктады Алмазбек Сокеев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18