09:50, 25 января 2024, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилей кетсек, эл өкүлү 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Сотко өтүнүч менен УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган.

Эске салсак, депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Депутат УКМКга келип, шектүү катары суракка алынып, башка тергөө амалдары жүргүзүлүгөндөн кийин тергөө органдарына келүү милдети менен кое берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аны камабай турганын билдирген. «Келсин, биз камабайбыз. Ал эми кримавторитет Салим Абдувалиев менен жолукканы — бул уят иш, анын колдоосуна ээ болгусу келген», — деген Камчыбек Ташиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18