09:27, 25 января 2024, 24.kg

Орусияда тик учак кыйрап, 74 киши набыт болду

24-январда Белгород облусунда Ил-76 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бортто туткунга алынган 65 украин аскер кызматкери болгон. Аларды алмашуу үчүн Белгород облусуна коштоп бараткан үч киши жана алты экипаж мүчөсү да набыт болду.

Окуя тууралуу биринчилерден болуп 112 Телеграм каналы билдирди. Белгород Телеграм каналдары окуя учурунда тартылган видеолорду жарыялашты. Тик учак катуу ылдамдыкта кулап, жарылып кетет.

«Украинская правда» жана «РБК-Украина» өз булактарына таянып, Ил-76 учагын Украинанын куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн кабарлады. Басылмалардын жазышынча, учак Харьков аймагын аткылоо үчүн ракеталарды ташып бараткан. Кийинчерээк эки басылма тең кабарды оңдоп, учак кырсыгына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катышы бар деген маалыматты алып салышты.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Белгород облусунда кырсыкка учураган Ил-76 аскердик-транспорттук учагында украиналык туткундар ташылып баратканы тууралуу билдирүүлөр азыр текшерилип жатканын айтты.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дагы эч кандай маалымат бере албасын, маалыматтар чогултулуп жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18