16:44, 24 января 2024, 24.kg

1,5 миллион сомдук жүктү аткезчилик менен чек арадан алып өтүү аракети көрүлгөн

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасы аркылуу аткезчилик жол менен жүк алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын 2004-жылы туулган тургуну 7 тонна анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Volvo-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унасынын айдоочусунда жүктү коштогон жалган электрондук документ аныкталган.

Photo 319881

Мындан тышкары, Лейлек районундагы Мурас — Достук жолунда чек арачылар Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган Жаштык айылынын тургунун кармашкан. Mercedes-Вenz үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүдө 3 миң 500 килограмм «Миф» кир жуугуч айнасы табылган. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес.

Photo 319883

Алдын ала маалымат боюнча, анарлардын жана кир жуугуч айналардын баасы болжол менен 1 миллион 500 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң жүктөр жана кармалган жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18