14:36, 24 января 2024, 24.kg

Мамкурулуш: жер титирөөдөн кийин урап калган объектилер катталган жок

Кыргызстанда 23-январдагы жер титирөөдөн кийин олуттуу кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкө боюнча адистер тарабынан 78 объект каралып, анын ичинен 50дөн ашуун объект жарандардан жаракалар жөнүндө келип түшкөн маалыматтар боюнча текшерилди.

«Мындан тышкары, Бишкектеги имараттарды визуалдык кароо учурунда урап калган же же көчүп түшүп, жарандардын мындан аркы жашоо шартына коркунуч жарата турган объектилер аныкталган жок», — деп билдиришти Мамкурулуштан.

Эске салсак, 23-январда Кытайдын Кыргызстан менен чек арасында бир нече жолу жер титирөө катталган. Алардын алгачкысы 8 баллга жетип, Кыргызстанда 3 баллдан 6 баллга чейин сезилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18