13:55, 24 января 2024, 24.kg

Улан-Батордо газ ташыган унаа жарылды. Каза болгондор бар

Монголиянын борбору Улан-Батордо Дунжингарав базарынын аймагында 60 тонна газды ташып бараткан унаа жарылып, өрт чыкты. Бул News.mn. басылмасы билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, 6 адам каза болуп, 14 адам ооруканага жаткырылды.

Газ ташыган унаа катуу жарылуудан улам 30-40 ыргып кеткен. News.mn. билдиргендей, жанаша жайгашкан бир нече унаа жана турак үй өрттөнүп кеткен.

Айрым маалыматтарга караганда, үч тез жардам кызматкери каза болуп, 20дан ашык унаа күйүп кеткен.

Жүк ташуучу унаа Монголиянын түштүк-чыгышындагы Замын-Ууд шаарын көздөй бара жаткан. Айдоочу полицияга тайгак жолдон улам рулду башкара албай калганын, натыйжада башка унаа менен кагышып кеткенин айткан. Экинчи айдоочунун абалы белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18