17:38, 23 января 2024, 24.kg

Ленин районунун башкы архитектору жана Мамкартографиянын бөлүм башчысы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жанаМамлекеттик картографиянын чарбалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун башкы архитектору аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң доллар акча талап кылгандыгы аныкталды. Ал Мамлекеттик картографиянын бөлүм башчысы менен биргеликте 1 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Photo 319769

Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18