17:04, 23 января 2024, 24.kg

Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум жабык өтүп жатат

Сокулук райондук сотунда мурунку күйөөсү тарабынан кордук көргөн Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум башталды. Сот жабык өтүп жатат.

Сот имаратында Асел Ногойбаеваны колдоо үчүн туугандары жана 10го жакын кайдыгер эмес жарандар чогулду. Алар Аселдин мурунку күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратууну жана ага мунапыс берилбешин талап кылышууда.

Photo 319764

Эске салсак, 20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева бычакталып ооруканага түшкөн. Мурунку күйөөсү Азамат Эстебесов анын кулагын жана мурдун кесип салган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18