16:40, 23 января 2024, 24.kg

Бишкекте баңгизатын колонияга өткөрүүгө аракет кылган адам кармалды

Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз адам Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү колонияларынын бирине баңгизатын өткөрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.Э. аныкталып, кармоо учурунда алдын ала өткөрүүгө даярдалган, пакетте оролгон өзгөчө жыты бар кара куурай заты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттардын салмагы 267,3 граммды түзүп, марихуана экени аныкталды. Шектүү эки айга камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18