15:19, 23 января 2024, 24.kg

Жасалма номур менен Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жети унаа кармалды

«Достук» өткөрүү пунктунан Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жети унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, «Достук» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын бейтарап аймагында автоунаалардын айдоочулары жасалма мамлекеттик номурлар орнотуп, жасалма каттоо күбөлүктөрүн даярдашып, Өзбекстанга транзиттик унаа катары эмес, буга чейин бажы төлөмдөрүн төлөгөн жана Кыргызстанда катталган унаа катары барууну пландаштырышкан.

Учурда Кыргыздын автотранспорт каражаттарын каттоонун жасалма күбөлүктөрүн жана мамлекеттик номурларын даярдоонун жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18