14:25, 23 января 2024, 24.kg

Евразия сактык банкынын акциялары Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке өттү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Евразия сактык банкынын акцияларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.

Инвестициялар боюнча агенттик министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы токтомуна ылайык акциялардын 60,95 пайызын алды. Мекеме жалпысынан 19,5 миллион акциянын ар бирин 20 сомдон сатып алган. Демек, агенттиктин акциялары 390,3 миллион сомго бааланууда.

Буга чейин Евразия сактык банкын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берүү каралган болчу.

  • «Евразия сактык банкы» — мурдагы «Кыргызкредитбанк». Ал 2016-жылдын апрелинде өзгөртүлгөн. Акционерлерге жана кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу банкта 2011-жылдын 31-январынан тартып консервация режими иштеп турган. Кийин акционерлер алмашкандан кийин Башкы прокуратура айыптоолор алынганын ырастаган. Банкта убактылуу администрация режими 2023-жылдын августунда токтотулган.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18