11:52, 23 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 9 миңден ашык учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 15-январдан 21-январга чейин 9 миң 295 курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо учуру, ошондой эле COVID-19дун 5 учуру катталды. Бул Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тууралуу билдирди.

 Өткөн жумага салыштырмалуу оору 8,1 пайызга азайган.

Ооругандардын 67,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Оорунун жогорку деңгээли Бишкек, Ош жана Чүй облустарында байкалууда. Ал эми коронавирустун бардык учурлары борбор калаада катталган.

Республика боюнча сасык тумоо, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана и COVID-19 жугуштуу ооруларынын мониторинги уланууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18