10:56, 23 января 2024, 24.kg

Кытайда түнкүсүн алты жолу жер титирөө болуп, Кыргызстанда дагы сезилди

Бүгүн түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын жерде алты жолу жер титирөө болду. Мындай маалыматтарды Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй:

  • биринчи жер титирөө 00.09да болгон. Эпицентрдеги күчү 8 баллды түздү. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.
  • экинчиси 00.42де болгон. Анын күчү 6 баллды түзүп, Кумтөрдө 4 баллга жакын, Караколдо жана Кажы-Сайда, Нарында 3 баллга жакын сезилген;
  • үчүнчүсү саат 1.36да болуп, 6 баллга жеткен. Кумтөр аймагында жер титирөө 3,5 балл, Караколдо, Кажы-Сайда, Нарында 3 баллдын тегерегинде болгон;
  • төртүнчүсү 2.57де 5 балл болду. Кумтөр кениндеги силкинүү күчү 3 баллдын тегерегинде болгон;
  • бешинчиси 5.19да 6 баллга жетип, Кумтөрдөгү жер титирөө 3 баллга чейин сезилген;
  • алтынчысы 7.18 катталган. Күчү 5,5 баллды түзүп, Кумтөрдө 3 балл болгон.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18