10:11, 23 января 2024, 24.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 115,4 миллион долларга өстү

2023-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 6 миллиард 115,99 миллион долларды (544 миллиард 550,43 миллион сом) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, 4 миллиард 545,11 миллион доллар (404 миллиард 683,78 миллион сом) — тышкы карыз, 1 миллиард 570,88 миллион доллар (139 миллиард 866,65 миллион сом) — ички карыз.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 115,4 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 62,68 миллион долларга, ички — 52,72 миллион долларга көбөйдү.

Ноябрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 50,48 пайызды түздү.

Тышкы карыздын жарымынан көбү (52,8 пайызын) Кыргызстандын көп тараптуу зайымдары — 2 миллиард 400,41 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 82,89 миллион доллар (тышкы карыздын 45,8 пайызы) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 37,6 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз түзөт, ал октябрь айынын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 708,37 миллион долларга жетти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18