09:29, 23 января 2024, 24.kg

ӨКМ түндө болгон жер титирөө боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түндө катталган жер титирөө тууралуу маалымат берди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

«Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18