14:55, 22 января 2024, 24.kg

Жыл башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 500дөн ашык учуру аныкталды

2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борборунуна шилтеме менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 177 учур, Чүй облусунда 132 учур, Жалал-Абадда 130 учур катталган.

Министрлик кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу экенин эскертти.

Эгерде шектенүү пайда болсо, туура диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылыңыз.Үйгө дарыгер чакырыңыз! Оорулунун дене табы өтө жогору болсо, тез жардам чакырыңыз.

Мекеме кызамыкты алдын алуунун эң эффективдүү жолу эмдөө экенин кошумчалады. Эмдөө 12 айында (КПК) жана 6 жашында (КПК ревакцинациясы) жасалат, ошондой эле ҮМБ/ҮДТларда жана ФАПтарда бекер жүргүзүлүүчү 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасы (ККВ) сайылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18