13:53, 22 января 2024, 24.kg

Аламүдүн капчыгайында жоголгон жаран беш күндөн бери изделип жатат

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 27 жаштагы Мухамедаалы Маматалы уулун издөө кайрадан улантылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, издөө иштерине бүгүн жалпы 297 адам чыкты.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 174 куткаруучу, ал эми ИИМден 120 адам, 10 дрон, жалпы 22 техника тартылды», — деп белгиледи ӨКМ.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Мухамедаалы Маматалы уулу үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү саат 2:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерага тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18