09:55, 22 января 2024, 24.kg

Кыргызстандын аймагында SUIUN_TV лотереясын ойнотуу мыйзамсыз болуп эсептелет

Кыргызстандын аймагында SUIUN_TV лотереясын өткөрүү мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеме жарандарды билеттерди сатып албоого жана өлкө аймагында уюштурулуп жаткан мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырды.

«Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесинин 1-пунктуна ылайык, лицензиясы жана уруксаты жок уюштурулган лотереядан түшкөн каражат республикалык бюджетке алынып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, балдар үйлөрүнө жана интернаттарга берилет. Мыйзамсыз лотореянын уюштуруучулары Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18