09:26, 22 января 2024, 24.kg

Азия Кубогу. Кыргызстандын курамасы Сауд Арабияга утулуп калды

Катарда футбол боюнча Азия Кубогунун тайпалык этабынын кезектеги беттеши аяктады. Оюн «УТРК Спорт» телеканалында көрсөтүлдү.

Кыргызстандын курама командасы Сауд Арабия командасына 0:2 эсебинде утулуп калды. Голдор беттештин 35-85-мүнөттөрүндө киргизилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Айзар Акматов менен Кими Мерк кызыл карточка алып, оюндан чыгарылды.

Эскерте кетсек, биринчи турда Сауд Арабия Оманды (2:1) утуп, биздин курама Таиландга 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Буга чейин турда Кыргызстандын тайпадагы атаандаштары Оман менен Таиланд тең чыккан. Ошентип кыргызстандыктар F тобунда акыркы орунда турат. Эми курама 26-январда Оман менен ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18