16:47, 19 января 2024, 24.kg

Ош шаарында алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Т.Т. аттуу жаран коомдук жайларда орнотулган, адамдын жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды. Ал кылмышка шектүү болуп, качып жүргөн.

Ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18