12:19, 19 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда күйдүргү ылаңынын 500дөн ашык очогу катталган

Өткөн жылы Кыргызстанда малдын жугуштуу ооруларынын 86 очогу катталды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү кутурма оорусу — 36 очок.

«Кутурманын алып жүрүүчүлөрү жырткыч айбандар болот. Бул карышкырлар, түлкүлөр. Алар айылдарга чейин келип, малга, адамдарга кол салышат. Кутурма ылаңы шилекей аркылуу жугат», — деди Бакыт Шарапов.

Мындан тышкары, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда күйдүргү оорусунун эки очогу аныкталды.

Республика боюнча жалпысынан күйдүргү ылаңынын 565 очогу катталган.

Ветеринардык кызматтын башчысынын орун басары белгилегендей, жылына жугуштуу ооруларды алдын алууга 87 миллион сом бөлүнөт. Каражаттар тогуз ооруга бөлүштүрүлөт. Алардын арасында күйдүргү, бруцеллез, кутурма, шарп жана башкалар бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18