11:25, 19 января 2024, 24.kg

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Астанада өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Алар ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу спорттун негизги 20 түрү жана 10 көрсөтмө түрү боюнча ат салышат.

Астананын так ортосунда жайгашкан «Көчмөндөр ааламы» этно-айылы казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле оюнга катышкан өлкөлөрдүн маданияты менен таанышуу аянтчасына айланат. Этно-айыл күнүнө 30 миңдей конок батыра алат.

Иш-чара «Улуу талаа дүбүртү» деген ураан алдында өтөт.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18