10:09, 19 января 2024, 24.kg

325 мугалим ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыз берди

325 мугалим ыктыярдуу түрдө аттестациядан өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан уюштурулган эксперттик комиссия педагогдорду квалификациялык категорияларга дал келүүсү боюнча ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына берилген документтерди экспертизациялоону баштады.

Тестирлөө түрүндөгү аттестациянын кийинки этабына аттестациялануучу адамдын санариптик портфелинин талаптарга ылайык келүүсүн экспертизалоо жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, ченемдик-укуктук актылардын негизинде мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу:

  •  экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;
  • биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;
  • жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.

Аттестация ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы категория ыйгаруу же ыйгарбоо маселесине гана тийиштүү жана мугалимдин ишинин башка аспектилерине таасир этпейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18