17:16, 18 января 2024, 24.kg

Кыргызстандагы ири калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү

Кыргызстан боюнча бардык ири калкты тейлөө борборлору бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эми алар саат 8:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.

«Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган», — деп билдирди мекеме.

Буга чейин эки ири калкты тейлөө борборлорунда саат 8:00дөн 20:00гө чейинки иш графиги киргизилген. Бирок пилоттук мезгилдин натыйжасында борборлордо кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган.

Белгиленгендей, жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган.

КТБнын иши жөнүндө кеңири маалыматты 119 колл-борборунан алууга болот (чалуу акысыз).

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18