14:33, 18 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

Кыргызстандын Салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, декларацияны кабыл алуу эки этапта өтөт. 1- апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.

1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле өлкөдө туруктуу мекемеси бар чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны 1-майга чейин жеке ишкерлер, салык салынуучу мүлккө жана жер тилкесине (короо-жай участкаларынан башка) ээлик кылган жеке жактар, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырышы керек.

Ошондой эле 1-майга чейин декларацияны жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар тапшырышат.

Салык декларациясында кирешелер жана чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери жана отчеттук жыл үчүн төлөнгөн салыктын суммасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18