14:15, 18 января 2024, 24.kg

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү соцтармактагы билдирүүсү үчүн күнөөлүү деп табылды

Жалал-Абад шаардык соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулованы бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Маалыматты 24.kg агенттигине соттун басма сөз кызматынан ырасташты.

Өкүм 2023-жылы 14-декабрда чыккан. Чыныгүл Шеркулова үч жылга эркинен ажыратылды.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өткөн жылдын 29-мартындагы чечиминин негизинде айыпталуучунун камактагы бир күнүн өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эки күн кылып эсептөө чечими кабыл алынды. Чыныгүл Шеркулова жашы жете элек кызын тарбиялап жаткандыктан жаза мөөнөтү жылдырылды», — деп билдиришти соттон.

Кочкор-Атанын тургуну Чыныгүл Шеркулова 2023-жылдын октябрь айында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18