12:05, 18 января 2024, 24.kg

Орусияда 17 жаштагы кызды таксиден чыгарбай койгон кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Тергөө комитети 17 жаштагы кызды бир сааттай таксиден чыгарбай койгон кыргыз жаранына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу комитеттин Telegram-каналында маалымдалды.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны «Ногинск шаарынан Электросталга кайтып келаткан 17 жаштагы жүргүнчүгө карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган» деген маалыматты териштирүү башталды. Ал унаанын эшигин ачпай, кызды бир сааттай чыгарбай койгон.

«Учурда унаанын айдоочусу кармалып, бардык жагдайларды тактоо жана анын катышуусу менен тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бөлүмгө жеткирилди. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Электросталь шаарынын боюнча тергөө бөлүмү жашы жете элек кызды мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18