17:22, 17 января 2024, 24.kg

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу: үмүтүбүз акталган жок

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович команданын Азия кубогундагы биринчи оюнунун жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

«Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду», — деп белгиледи машыктыруучу.

Анын айтымында оюнду талдап, футболисттер менен сүйлөшүш керек.

«Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек», — деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 16-январда Кыргызстандын курамасы Таиландга 0:2 эсебинде утулуп калган.

21- январда Кыргызстандын командасы Сауд Арабия, ал эми 26-январда Оман менен ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18