15:09, 17 января 2024, 24.kg

Бишкекте тик учактын кыйрашынан бир адам каза болуп, сегизи жараат алды

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы сегизи жараат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөө өтө оор абалда. Калган төртөөнүн абалы орто. Бардыгы тез жардам ооруканасында.

«Коргоо министрлигинин жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирди мекеме.

Буга чейин маалымдалгандай, Ми-8 тик учагы саат 11.00 чамасында Достук айылына жакын жерде жайгашкан «Фрунзе-1» авиабазасына кулап түшкөн. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18