12:55, 17 января 2024, 24.kg

Бишкекте аскердик тик учак кулап түштү

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тик учагы окуу-машыгуу учууларынын жүрүшүндө конууга аргасыз болгон. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар бар.

«Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, Ми-8 тик учагы Достук айылына жакын жерде саат 11.00 чамасында «Фрунзе-1» авиабазасына кулап түшкөн. Айрым маалыматтар боюнча, бир адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18