11:26, 17 января 2024, 24.kg

2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6,6 тоннадан ашык баңгизат алынган

2023-жылы Кыргызстандын ички иштер органдары тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 килограмм баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миң 314 баңги кылмышы аныкталып, өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүчү 12 жашыруун лабораториялар жоюлган. 84 кылмыштуу баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, издөөдө жүргөн 120 адам кармалган. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар боюнча 95 адам жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 15 миллион сомдон ашык кирешени легалдаштыруу фактылары аныкталып, кылмыш иштеринин алкагында маңзат сатуучулардын эки турак-жайы жана төрт унаасы алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18