15:04, 16 января 2024, 24.kg

УКМКда компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору ачылды

УКМКда компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстанданы элчиси Ли Вондженин катышуусунда ачылыш аземи болуп өттү.

Борбордун ачылышы өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болгону белгиленет.

«Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды. Борбордун негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат», — деп билдирди УКМК.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18