10:48, 16 января 2024, 24.kg

Үйлөрүндө болгон тинтүүдөн кийин бир нече журналист кармалды

Үйлөрүндө болгон тинтүүдөн кийин бир нече журналист кармалды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров X (Twitter) социалдык тармагында билдирди.

Анын айтымында, Temirov Live жана «Айт Айт Десе» командасынын мүчөлөрү Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Азамат Ишенбеков жана Сапар Акунбеков кармалды. Ошондой эле акын Азамат Ишенбеков да камакка алынды.

Кийинчерээк Жоодар Бузумов, Айке Бейшекеева жана «Арча Медианын» кызматкери Сайпидин Султаналиев кармалганы белгилүү болду.

Болот Темировдун айтымында, Temirov Live каналынын кызматкерлерине карата ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18