10:32, 16 января 2024, 24.kg

Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылда 16,7 миң жаранды жумушка орноштурган

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7 пайызга га азайып, 91,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6 пайызга өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.

Мекеме министрлик тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9 пайызды түзгөнүн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайызга төмөн экенин белгиледи.

«Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,5 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктуга төмөн», — деп кошумчалады мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18