10:18, 16 января 2024, 24.kg

Бишкектеги № 2 төрөт үйүндө 22 жаштагы келин каза болду

Бишкектеги № 2 төрөт үйүндө эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин каза болду. Бул тууралу маалыматты 24.kg басылмасына Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.

Анын айтымында, келиндин өлүмү 15-январда таңда катталган.

«Борбор калаанын тургунунун биринчи кош бойлуулугу болуп, кесарево жолу менен шашылыш төрөгөн. Операциядан кийинки алгачкы мезгил өзгөчөлүктөрсүз өтүп жаткан, бирок үчүнчү-төртүнчү күнү күтүлбөгөн жерден мындай болду. Келип түшкөндөгү диагнозу: «оор преэклампсия». Балдар курсагында кыйналып, түйүлдүктүн кызыкчылыгы үчүн аял 34-жумада төрөтүлгөн. Балдар айына жетпей төрөлгөн, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди Раиса Асылбашева.

Ал аял каттоодо туруп, такай текшерилип турганын, адистер экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын белгиледи. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18