09:30, 16 января 2024, 24.kg

«ПолитКлиника» жана Тemirov Live каналынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болду

Temirov Live каналынын учурдагы жана мурдагы сегиз кызматкеринин үйлөрү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында басылманын директору Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана башкалар бар.

Болот Темиров укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүү үчүн басылманын кеңсесине баратканын кошумчалады.

Ошондой эле «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбектин үйүндө да тинтүү жүргүзүлдү. Ал камерага иш «массалык башаламандыкты уюштурууга» байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү. Журналистти ИИМдин тергөө бөлүмүнө суракка алып кетишти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18