10:58, 15 января 2024, 24.kg

Ветеринардык кызмат: Кыргызстанда өлгөн малдын этин сатуу фактылары аныкталды

Өлкө аймагында өлгөн малдын этин сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов билдирди.

Тема министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигиндеги жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешмеде талкууланды.

Улугбек Кожобергенов бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдөгү эпизоотиялык абал, жугуштуу оорулардын алдын алуу, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана идентификациясын камсыздоо тууралуу айтып берди.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары катышты.

Өлгөн малдын этин сатуунун канча фактысы жана республиканын кайсы райондорунда аныкталганы тууралуу так маалыматтар айтылган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18