10:26, 15 января 2024, 24.kg

Өзбек жараны Кыргызстанга 80 миллион рублду мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Кыргызстанга 80 миллион рублдун чыгарлышын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө белгиленгендей, ыкчам иш-чараларга кызматтын Наманган облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышкан. Натыйжада алар орус валютасын чет өлкөгө алып чыгууга аракет кылган жергиликтүү тургунду кармашкан. Жаран акчасын үч желим баштыкка салып, андан кийин унаасына катып койгон. Ал акчаны Кыргызстанга мыйзамсыз которууга аракет кылган.

Аталган факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Бажы мыйзамдарын өзгөчө ири өлчөмдө бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кылмышкер сегиз жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18