18:09, 12 января 2024, 24.kg

Азия Кубогу. Бүгүн Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир башталат

Дүйнө чемпионаты өткөн Катарда бүгүн, 12-январда футбол боюнча негизги континенталдык турнир — Азия Кубогу старт алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдайт.

Катар менен Ливан курамалары Азия Кубогунун алгачкы беттешин өткөрөт. Оюн Лусаил стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө болот.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойнойт. Ага жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн. Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат», — деп айтылат маалыматта.

«F» тайпасында орун алган Кыргызстандын атаандаштары Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамалары болот. Кураманын старттык беттеши 16-январда «Абдулла Бин Халифа» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да өтөт.

УТРК спорт каналынынын санариптик түйүндөрүндө Азия биринчилигинин бардык оюндары көрсөтүлөт. Түз алып берүүлөр каналдын тиркемесинде жана сайтында да жеткиликтүү болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18