15:10, 12 января 2024, 24.kg

Түрк тилдүү өлкөлөр 500 миллион доллар капиталы менен инвестициялык фонд түзөт

Президенти Садыр Жапаров «Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 6-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Анын максаты Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна (ТТМУ) мүчө мамлекеттердин регионалдык сооданы кеңейтүү жана экономикалык ишмердүүлүктү колдоо аркылуу экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Макулдашуу ТТМУ өлкөлөрү тарабынан уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Түрк инвестициялык фондун уюштурууну карайт.

Фонд ТТМУ өлкөлөрүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат.

Эске салсак, Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18