14:21, 12 января 2024, 24.kg

Бишкекте жердешин кайчы менен сайып жиберген чет элдик жаран кармалды

Ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-январда Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна курсагына бычак сайылып жана ички кан агуу диагнозу менен чет мамлекеттин жараны түшкөн.

«Милиция чет элдин жараны Б.К. чыр-чатак учурунда А.Р аттуу жердешинин курсагына кайчы менен сайып жибергенин аныктады», — деп билдирди мекеме.

Photo 318891

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду. 1990-жылы туулган Б.К аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иши уланып жатат, бардык экспертизалар дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18