13:15, 12 января 2024, 24.kg

Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Photo 318872

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

11-январда соттун санкциясы менен Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Ал карамагындагы кызматкерлерден ишкердик субъектилеринде аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18