11:47, 12 января 2024, 24.kg

Кыргызстандын төрт облусундагы бир нече калктуу конуш айыл болду

Президент «Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Ал 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты болуп:

  • Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов;
  • Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик;
  • Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек;
  • Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач;
  • Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал;
  • Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Калдай;
  • Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил;
  • Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18