10:59, 12 января 2024, 24.kg

Өлкөдөгү мектеп-гимназиялар, лицейлер статусунан ажырашы мүмкүн. Кайсыл учурда?

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп-гимназиялардын жана лицейлердин ишин баалоонун көз карандысыз системасын жана критерийлерин иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талаптарга дал келбеген жана окуучулардын жетишүү деңгээли төмөн болгон учурда алар жалпы билим берүүчү мектептер катары кайра түзүлөт.

«Мында негизинен мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлердин билим берүү сапатын жогорулатуу маселесине басым жасалды, анткени, мектептин статусу жана кошумча ийримдердин иши үчүн мугалимдер айлык акысына тийиштүү түрдө 15 пайыз жана 20 пайыз кошумча акы алат. Жалпысынан республикалык бюджеттин каражатынан мугалимдердин кошумча айлык акысына жыл сайын 1 миллиард 13 миллион сом бөлүнөт. Ошол эле учурда билим сапаты төмөнкү деңгээлде саналган мектептер бар», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме мектептердин аккредитациясы жокко чыгарылгандыгын белгиледи, ошондуктан билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн көз карандысыз баалоо системасы зарыл.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18