10:28, 12 января 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды УКМКга кайрылууга чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда болгон окуя боюнча комментарий берди. Ал өз пикирин Facebook баракчасында билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 22 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу экенин белгиледи.

«Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Баткенде аялы менен күйөөсү уруша кетип, жолдошу 22 жаштагы жубайын көчөдө муунтуп өлтүргөн. Окуя 2-январда Баткен облусунун Ирелеш айылында болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18