15:48, 11 января 2024, 24.kg

Окуучулар арасында улуттук олимпиада качан өткөрүлөрү белгилүү болду

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылында математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданы өткөрүү буйругун бекитти. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Олимпиаданын I, II, этаптары онлайн режиминде, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.

Олимпиаданын I этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

  • физика боюнча — 2024-жылдын 20-январында саат 14:00-17:00го чейин, 21-январда саат 10:00-13:00го чейин;
  • биология боюнча — 2024-жылдын 20-январында саат 10:00-13:00го чейин, 21-январда саат 14:00-17:00го чейин;
  • математика боюнча — 2024-жылдын 27-январында саат 14:00-18:00го чейин, 28-январда саат 09:00-13:00го чейин;
  • информатика боюнча — 2024-жылдын 20-январында саат 10:00-13:00го чейин, 28-январда саат 14:00-17:00го чейин;
  • химия боюнча — 2024-жылдын 3-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 4-февралда саат 10:00-13:00го чейин.

Олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке ылайык онлайн режиминде өтөт:

  • информатика боюнча — 2024-жылдын 10-11-февралында саат 10:00-13:00го чейин;
  • физика боюнча — 2024-жылдын 17-февралында саат 14:00-17:00го чейин, 18-февралда саат 10:00-13:00го чейин;
  • биология боюнча — 2024-жылдын 17-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 18-февралда саат 14:00-17:00го чейин;
  • математика боюнча — 2024-жылдын 24-февралында саат 14:00-18:00го чейин, 25-февралда саат 09:00-13:00го чейин;
  • химия боюнча — 2024-жылдын 24-февралында саат 10:00-13:00го чейин, 25-февралда саат 14:00-17:00го чейин.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18